Image default

ЖИА мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны – 2021-жыл

13-ноябрдан 24-ноябрга чейин ЖИА Бизнес-ассоциациясынын бардык аймактык филиалдарында мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-2021-жылдарга караштуу ассоциациянын ишмердүүлүгү тууралуу жана каржылык отчеттору берилип, ЖИАнын стратегиясынын жаңыланган варианты сунушталып, ошондой эле ассоциациянын башкаруу органдарынын (Регионалдык Кеңеш, Ревизиондук комиссия, Башкаруу Кеңеш, Төрага) мүчөлөрү шайланды.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө ассоциациянын өнүгүшүнө салым кошкон ишкерлерди жана Башкаруу кеңешинин мурдагы мүчөлөрүн сыйлоо аземи болду.

2019-2021-жылдары ЖИА мүчөлөрүнүн саны олуттуу өстү (285тен миңге чейин); республиканын бардык аймактарында 8 филиал ачылган, анын ичинде өлкөнүн бардык облустары жана Кызыл-Кыя шаары камтылган.

Акыркы үч жылда инвестициялык климатты жакшыртуу жана ишкерликти өнүктүрүү максатында миңге жакын иш-чара уюштурулду. Ассоциациянын демилгеси менен көптөгөн долбоорлор ишке ашырылган, мисалы, пандемия учурунда кайрымдуулук долбоорлор. Ошондой эле эл аралык уюмдар менен 11ден ашык долбоорлор ишке ашырылган (толук маалыматты документте таба аласыз: JIA_report)

Бүгүнкү күндө ЖИА1000ден ашуун чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн бириктирип, Кыргызстандын бизнес коомчулугунун активдүү иш алып баруусуна бардык шарттарды сунган аянтча болуп эсептелет. Ассоциация мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдор менен тыгыз кызматташат. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында жана экономикасы өнүккөн алдыңкы – АКШ, Япония, Кытай, Украина, Монголия жана Индия өлкөлөрүндө өкүлчүлүктөрү бар.

Акыркылар

JIA Кыргызстандын экспортун кеңейтет

ЖИА КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Консультативдик кеңештин курамына кирди

Антикризистик бизнес-форум: Быйыл акча которуулар 1 миллиард долларга чейин төмөндөөсү мүмкүн

Антикризистик бизнес-форум: Кризис менеджментти монетизациялоого убакыт келди

Антикризистик бизнес-форум: Ишкердиктин өнүгүүсү үчүн эркиндик маанилүү

JIA журналисттик материалдар сынагын жарыялайт