Image default

ЖИА КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Консультативдик кеңештин курамына кирди

ЖИА Бизнес-ассоциациясы КРнын Башкы прокуратурасынын алдында ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин мүчөлүгүнө кирди.

Консультативдик кеңештин максаты – мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коом жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен биргеликте ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча күч-аракеттерди уюштуруу жана бириктирүү боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн туруктуу натыйжалуу механизмин куруу болуп саналат.

Кеңештин төрагасы башкы прокурор Курманкул Зулушев, ошондой эле аталган кеңештин мүчөлүгүнө бизнес-коомчулуктар, ишкерлер жана инвесторлор кирди.


24-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында аталган кеңештин биринчи отуруму өткөрүлдү.
Отурумда ЖИА бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору “Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоонун көйгөйлөрү жана өбөлгөлөрү” темасында доклад жасады:

Урматтуу төрага, Урматтуу Консультациялык  кеңештин катышуучулары!

Эң оболу ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча Башкы прокуратуранын өз алдынча башкармалыгын түзгөндүгү жана дагы мамлекеттик бийлик органдары менен бизнес-коомчулугунун башын бириктирген ушундай форматтагы Кеңешти уюштургандыгы үчүн өлкөбүздүн Башкы прокурору Курманкул Токторалыевичке ЖИА Бизнес ассоциациясы тарабынан ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер!    

             COVID-19 кесепеттери кыйнап турган кезде учурдагы дүйнөлүк окуялардан улам башталган социалдык-экономикалык каатчылык кошумча көйгөй жаратып, ишкерлердин абалы  бүгүнкү күндө жакшы эмес экендигин жалпыга белгилүү. Ушундай кыйчалыш мезгилде Башкы прокуратуранын жеке сектор менен ачык диалогго чыккандыгы жана ошондой эле ишкерлердин укугун коргойбуз деген ниети жана аракеттери ишкердик чөйрөгө бир кыйла күч-кубат жана дем берет.

            Сөзүбүз супсак болбош үчүн бир катар багыттарга токтолуп, конкреттүү жана реалдуу сунуштарды берели.

             Бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердикти укуктук жактан коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-ж. март айында «Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 Жарлыгында каралган учурларда жана тартипте бизнести текшерүүгө жол берилиши мүмкүн деп белгиленген. Башкача айтканда, ишкердиктин эркиндигин чектөө, анын ишин мамлекеттик органдардын ашыкча көзөмөлгө алуусу жалпы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө зыян алып келээри өлкөнүн жогорку бийлиги тарабынан таанылып, бул көйгөйдү чечүүгө зор саясый эрк бар экендиги далилденди.

            Бул саясый эркти ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 токтому менен Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу – мораторий киргизилип, анын мөөнөтү 2021-жылдын 31-декабрында аяктаган.  Бул чечим укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн бир топ азайтып, жакшы жемишин берди. Бүгүнкү күндөгү кризистик абалдан чыгуу үчүн кайрадан эле ошол сыяктуу текшерүү жүргүзүүгө мораторий өтө зарыл болуп турат.

         Жогорудагылардын негизинде, Бизнес-коомчулугунун биринчи сунушу катары төмөнкүлөрдү кабыл алууну Консультациялык  кеңештен суранабыз:

  1. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу демилгесин Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетине жиберүүнү;
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 15-мартындагы № 58 Жарлыгын жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-ж. 4-мартындагы № 61 Жарлыгынын мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу өтүнүчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна берүүнү.

   Экинчиден, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Токторалыевичтин жетекчилиги менен иштелип чыккан Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-процесстик кодекси 2021-ж. декабрь айында өлкө аймагында күчүнө киргендиги маалым. Бул кодекстер мурдагы Кылмыш-жаза кодексине жана Жазык-процесстик кодексине салыштырмалуу ишкерлердин укугун коргоо өңүтүндө бир кыйла жакшы жазылгандыгы анык. Бирок, ошол эле учурда жазык мыйзамдарындагы айрым мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында тиешелүү түзөтүүлөр киргизилиши зарыл деп эсептейбиз.

     Андан сырткары, “Финпол” деп эл оозунда аталып келген укук коргоо органы 2021-ж. жоюлган соң Кыргыз Республикасынын экономикалык кылмыштар боюнча тергөө жүргүзүү укуктары прокуратура жана улуттук коопсуздук кызматынын тергөө органдарына өткөрүп берилген. Бир нече жылдар бою прокуратуранын тергөө жүргүзүү укуктары болгон эмес жана прокуратурада тажрыйбалуу тергөөчүлөрдүн жетишсиздиги маселе жаратышы мүмкүн. Ошондой эле, УКМКнын тергөөчүлөрү дагы мурда бул тармак менен азыраак алек болгондуктан тажрыйбасы жетишсиз болушу мүмкүн.

  Ошол эле учурда 2022-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген КР Салык кодексине, КР Жазык-процесстик кодекси жана “Изин суутпай издөө иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Салык кызматы укук коргоо органына айланды жана изин суутпай издөө иш-чараларын колдонуу укуктарына ээ болду. Башкача айтканда, салык кызматкерлери ыкчам кызматкер, же көнүмүш тилде айтканда “оперативник” деген аталышка ээ болду. Бирок, бүгүнкү күндө алар ушул милдеттерди жетиштүү деңгээлде аткарууга даярбы? Билимдин жана тажрыйбанын жетишпестигинен улам билип же билбей туруп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу, коррупциялык аракеттерге жол берүү аркылуу ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарына олуттуу зыяндар келтирип койбойбу?

         Тергөө органдары жана салык кызматы тарабынан ишкерлердин укугун бузууга жол бербөө боюнча прокуратура органдарынын ролу абдан зор. Анткени, “Прокуратура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык прокуратура изин суутпай издөөнү, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдардын мыйзамдарды сакташын көзөмөлдөөгө укуктуу. Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгы ушул багытта натыйжалуу иш алып барып, жалпы мамлекеттик бийликке болгон калың элдин ишенимин кайтарууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, тилекке каршы, бул башкармалыкка караштуу кызматкерлер борбордук аппаратта гана отурат өлкөнүн областтарында жана райондорунда ишкерлердин укугун коргоо үчүн алардын колу жетпей калышы мүмкүн.

         Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына төмөнкү сунуштарды берүүнү Консультациялык  кеңештен суранабыз:

  1. Экономикалык кылмыштар боюнча изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүчү салык органдарынын жана тергөөнү жүргүзүүчү органдардын кызматкерлеринин потенциалын бекемдөө боюнча окутуу иштерин жүргүзүү;
  2. Аталган кызматкерлер тарабынан мыйзамдардын так сакталышын тыкыр көзөмөлгө алуу;
  3. Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгына караштуу бөлүмдөрдү ар бир областта түзүү жана ар бир райондун прокуратурасында жоопкерчиликтүү кызматкерди аныктоо;

    Ал эми биздин баяндаманын үчүнчү багыты төмөнкүдөй.

            Укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси 2021-ж. декабрь айында өлкө аймагында күчүнө кирди. Ишкердикти жүзөгө ашыруу, монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ж.б.у.с. укук бузуулар үчүн ишкерлер жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн. Бул багытта дагы ишкерлердин жана инвесторлордун укуктары бузулбашы үчүн прокуратуранын ролу зор.  Анткени, Укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 452-беренесине ылайык Прокурор укук бузуу жөнүндө иш алып барган органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын сакталышына көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле Башкы прокуратура Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалымат тутумунун (АМТ) ээси болуп саналат.

Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан  суранабыз:

Ишкерлерди жана инвесторлорду Укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин негизинде жоопкерчиликке мыйзамсыз тартуу фактыларын болтурбоо маселесин көзөмөлгө алууну.

          Төртүнчүдөн, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин жана Административдик процесстик кодексинин негизинде прокурор мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоо максатында арыз менен сотко кайрылууга же болбосо сотто каралып жаткан ишке киришүүгө укуктуу. Ошол сыяктуу арыздар менен сотко кайрылууга ар кандай мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары дагы укуктуу. Мындай арыздар ишкерлердин жана инвесторлорлордун кызыкчылыктарына каршы берилген учурлар дагы кездешет. Маселен, жер тилкесинин документтерин жокко чыгаруу жөнүндө, иштеп жаткан ишкердик объектилерди токтотуу жөнүндө, имараттарды бузууга милдеттендирүү, мажбурлап ликвидация кылуу жөнүндө ж.б.у.с.

             Демейде, прокурор же башка мамлекеттик орган сотко кайрылган учурда административдик же экономикалык иштердин 90% тегереги мамлекеттин пайдасына чечилип, ишкерлер жеңилип келгендиги көп эле айтылып жүрөт. Анткени, сот дагы мамлекеттик орган болуп эсептелет. Дал ушул себептен улам салык органдары менен болгон талаштарды мамлекеттик соттор менен катар эле бейтарап соттор, б.а. третейский суд тарабынан каратуу мүмкүндүгү жаңы Салык кодексинде аныкталды. Ушул жагдайлар жана сот органдарынын көз карандылыгы, сотторго болгон ишенбөөчүлүк өлкөдө мыйзамдуу жана коопсуз шарттардын түзүлүшүнө, бизнестин өнүгүүсүнө, инвестициялардын келүүсүнө чоң тоскоолдуктарды жаратат.

Бул маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан суранабыз:

Жергиликтүү прокурорлор тарабынан ишкерлердин жана инвесторлорлордун кызыкчылыктарына каршы доо арыздарды Ишкерлердин жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын макулдугу менен гана сотко берүү талабын киргизүү.

                        Урматтуу төрага, Урматтуу Консультациялык  кеңештин катышуучулары!

            Бүткүл Кыргызстандын ар бир районунда жумушчу орундарын түзүп, салык төлөп жаткан ЖИА Бизнес ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы саны бүгүнкү күндө миңге чукулдап калды. Ошол мүчөлөрдүн атынан ушул аянтчада маселе көтөрүү үчүн мүмкүнчүлүк бергениңиздерге дагы бир ирет терең ыраазычылык билдиребиз. Консультациялык кеңеш көрсөтмө үчүн уюшулган катардагы бир дүжүр чогулуш эмес элдин жүрөгүн өйүгөн маселелерди реалдуу чечүүгө кудурети жеткен эффективдүү механизмге айланат деген зор ишеним бизде бар. Ал эми укук коргоо органдары укук корДой турган эмес чындап эле укук корГой турган органдарга айланып, экономикабыздын турукташуусуна салым кошот деп үмүт кылабыз. Мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулугу бирдикте аракет кылып, мекенчилдик менен бир максатка чогуу умтулсак гана өнүккөн өлкө курууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. “Ийгиликтүү ишкер – өнүккөн өлкө!”.

Акыркылар

JIA Кыргызстандын экспортун кеңейтет

Антикризистик бизнес-форум: Быйыл акча которуулар 1 миллиард долларга чейин төмөндөөсү мүмкүн

Антикризистик бизнес-форум: Кризис менеджментти монетизациялоого убакыт келди

Антикризистик бизнес-форум: Ишкердиктин өнүгүүсү үчүн эркиндик маанилүү

JIA журналисттик материалдар сынагын жарыялайт

ЖИА мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны – 2021-жыл