Урматтуу ишкерлер!
Бизде жагымдуу кабар! 

Ишкерлер үчүн грант конкурсун баштап жатабыз

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы JIA Бизнес-ассоциациясы менен биргеликте бизнес үчүн грант алууга арыздарды кабыл алууну жарыялайт.
Демилге Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишканаларды колдоого жана COVID-19 жайылышына байланыштуу кризистин шартында алардын ишин калыбына
келтирүүгө, ошондой эле жумуш берүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатууга жана жаңы жумушчу орундарын түзүүгө багытталган.

• Эң аз 2 жаңы жумуш орун түзүү же пандемия учурунда кыскартылган 3 жумуш
ордун калыбына келтирүү;
• COVID-19 учуруна чейинки кирешени көбөйтүү

– Ишкердик чөйрөсүндө эң аз 3 жылдык тажрыйбасы;
– 2019-жылы каржылык жоготуусуз ишмердүүлүк жүргүзүүсү;
– Өнүгүүнүн так планы (бизнес-план жана каржылык модель)
– Долбоорду биргелешип каржылоого даяр болуусу керек;
– Айым ишкерлерге жана жаштарга артыкчылык көрсөтүлөт, ошол эле учурда
мырзалар да катыша алат.

– Жаңы жабдык сатып алуу же азыркысынын абалын жакшыртуу;
– Каражаттарды пайдалануунун деталдуу негиздемесин эске алуу менен жүгүртүү
(оборот) каражаттарын толуктоо;

– Грант алуу үчүн арыз;
– Талапкер тууралуу маалымат анкетасы;
– Каржылык маалымат;
– Паспорт көчүрмөсү;
– Жашаган жеринен маалымкат;
– Өнөктөштөрүнүн сунуш каттары жана алардын байланыш даректери.
Долбоорго катышуу үчүн жогоруда белгиленген документтерди 16-февраль 2021-ж. чейин office@jia.kg почтасына жөнөтүңүз.
Документтерди көчүрүү үчүн басыңыз ⤵️
Заявление на получение финансирования_грант
Форма заявки на грант
Заявление на получение финансирования_грант
Форма заявки на грант
Грант БУУнун Өнүктүрүү Долбоорунун (UNDP) тарабынан пандемиянын кесепеттерин азайтуу максатында адам укуктарына негизделген натыйжалуу, көп тармактуу, адилеттүү, инклюзивдик кризистик реакцияны жана COVID-19дан кийин калыбына келтирүүнү колдоо үчүн Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.