MIRA ЖЧК «Фермерс Органик Гарден» ишканасынын ишмердүүлүгү менен да жакындан тааныштык. “Фермерс Органик Гарден” ишканасында суусундуктардын 20 түрү чыгарылат. Өзгөчөлөрү – жаңгактын ширеси, бадам суусундугу, фундук, жаңгак ширеси менен кофенин аралашмасы.
Азыркы тапта ишканада 155тен ашык жумушчу иштейт. Алар мезгилге карап,жаз-жай айларында жемиштерден түрдүү кыямдарды жасаса ,күзүндө мөмөлөрдү кургатып, как,туздамалар банкага жабышат.