ЖЧК “Барбол” кондитер цехинин ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкананын негиздөөчүсү Канат Акаев мырза менен маектештик. Бүгүнкү күндө ишкана Ош шаарындагы нан азыктарын жана кондитердик азыктарды өндүрүү боюнча алдыңкы орундарды ээлеп келет.
Кийин, ЖЧК “ArDeco” курулуш материалдар өндүрүш ишканасына да барып ал жактын ишкердүүлүгү менен тааныштык. Ишкана фасад жана архитектуралык декор, ошондой эле декоративдик элементтерди өндүрүү менен алектенет.