Image default

Талас ишкерлери эл аралык базарга чыгууга кызыктар

2019-жылдын 13-июль күнү Талас облусунун Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, “Бексултан”кафесинде, Талас JIA Бизнес-ассоциациясынын “Бизнес Шерине” долбоору болуп өттү.

“Бизнес Шерине” иш чарасына спикер катары JIA Бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов  ишкерлерге “Эл аралык базарларга чыгуунун жолдору” тууралуу өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
Темирбек мырза эл аралык базарларга чыгууда эмнелерге көңүл буруш керек экендигин айтып өттү.

“Биздин продукциянын сыртка чыгуусу үчүн, сырткы базарлардын талабына жараша өндүрүлүшү керек, башкача айтканда сапаты, келбети сатууга ылайыктуу болуусу зарыл, экинчи маселе сертификатсиялоо маселеси турат, ушул нерселерди жолго койгондон кийин ошондо гана эл аралык базарларга чыга алат.  Эл аралык базарларга чыгуу үчүн ишканалар биргеликте иш алып баруусу зарыл .Себеби эл аралык тажрыйбада өндүрүшчүлөр өзүнчө, фермерлер , кайра иштетүүчүлөр жана сатуучулар өзүнчө иш алып барышат.
Эгерде бизда эл аралык базарларга чыгуунун кааласак биргеликте иш алып баруубуз зарыл, ошондо гана бизге көптөгөн мүнкүнчүлүктөргө жол ачыларын жана эл аралык базарларга чыгуу жеңил болоору анык” – деп билдирди Темирек Ажыкулов.

Темирбек Ажыкулов Тоо-Кен тармагында 10 жылдан ашык убакытта жеке компанияларда жетекчилик кызматтарында иштеген.
Сингапурдагы “Ли Куан Ю” университеттинде Мамлекеттик башкаруу боюнча магистр деңгээлин аяктаган. “Замат Консалтинг”, “Премиум Девелопмент” жана “Beyond Investment Group” компанияларынын кош-негиздөөчүсү.

Айта кетсек, “Бизнес Шерине” доолборунун максаты бизнестин өнүгүсүү үчүн тажрыйба жана пикир алмашууга аянтча түзүү.

Акыркы жаңылыктар

Aimak.kg : Жалал-Абад JIA Бизнес-ассоциациясынын кезектеги Жалпы жыйыны өттү

Токмок JIA ишкерлери үчүн Кегете капчыгайында кемпинг

Ыссык-Көл ишкерлери менен жолугушуу

Бизнесте балдар эмгегин колдонуу кандай таасир кылат? Экспорт кылууда кандай тоскоолдуктарды жаратат?

Бүгүнкү күндө заманбап ишкер кандай болуусу керек? Эмиль Уметалиевден топ-3 кеңеш

JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлери Индияда

Комментарий калтырыныз