Image default

Түрк элчичинин жоромолдоруна жооп

ЖИА Бизнес-ассоциациясы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Догандын Кыргыз-Түрк Манас университетинде «Фетхуллахчы террор уюму. Параллелдүү мамлекеттик түзүм» деген аталыштагы семинарда сүйлөгөн сөзүнө терең тынчсыздануусун билдирет. Ал ЖИА ассоциациясын ФЕТО уюмунун Кыргызстандагы бутактарынын бири деп атады.

Баарынан мурда, ЖИА Бизнес-ассоциациясы Түркия бийлиги ФЕТО деп атаган уюмга эч кандай тиешеси жок экенин билдирет.

ЖИА Бизнес Ассоциациясы 2006-жылдан бери миңден ашык ишкерлердин башын бириктирип, алардын ар бири Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө, салыктарды төлөөгө, өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга салым кошуп келе жатканы жалпыга маалым.

Биздин Ассоциацияга ишкерлерди кабыл алуудагы негизги критерий — ишкерлердин ак ниеттүүлүгү жана мыйзамды сыйлоосу. Өлкөбүздүн областтык борборлорунда жайгашкан биздин 8 кеңсебиз чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө болгон жардамын көрсөтүп келет.

Мындан тышкары, ЖИА Бизнес-ассоциациясы аймактык жана мамлекеттик деңгээлдеги расмий бийлик органдары менен, дипломатиялык өкүлчүлүктөр аркылуу чет өлкөлүк компаниялар жана өлкөдө аккредитацияланган эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташат. Мунун менен бирге эл аралык стандарттар менен иштеген ири эл аралык уюмдарга мүчө.

Биздин Ассоциация 16 жылдан бери саясатка аралашпоо принцибин карманып келет. Ассоциациянын дарегине көптөгөн айыптоолор айтылганы менен Түркия Республикасынын саясий системасына эч качан каршы чыккан эмес. Кыргызстандагы ишкерликти өнүктүрүү менен алектенген Ассоциация Түркиянын улуттук коопсуздугуна кандай гана болбосун коркунуч келтириши мүмкүн деген Түрк элчисинин сөздөрү абсурд.

Кылымдарды карыткан кеменгер кыргыз элинин салты боюнча конокко келип, үй ээсин кемсинткендик адептүүлүккө жатпайт. Элчи Ахмет Садык Доган Түркиянын катардагы жараны эмес, бийликтин  расмий өкүлү. Кыргызстандык уюмдарды террордук топтордун мүчөсү, ал эми Кыргыз Республикасынын жарандарын манкурт деп атоо менен ал дипломатиялык жана мамлекеттик кызматкердин этикалык нормаларын жана жалпы адамдык жүрүм-турум эрежелерин бузду.  Ал мындай мамиле менен ЖИА Бизнес-ассоциациясынын беделине доо кетирет, ошондой эле Ассоциациянын эл аралык өнөктөштөрүнө, кызматкерлерине, мүчөлөрүнө, алардын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана өлкөнүн жашоочуларына моралдык запкыга кириптер кылат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана иш алып барган мекемени террористтик уюм деп атоого эч кимдин акысы жок. Негизсиз каралап, ар-намыс жана кадыр-баркты кемсинтүү эч ким үчүн кечиримдүү эмес.

Бир тууган кыргыз жана түрк элин миңдеген жылдык карт тарых, орток тил, маданият жана улуттук каада-салт байланыштырып турат.

Түркия Республикасынын элчиси дипломатиялык норманы жана адептүүлүктү көрсөтүп, ЖИА Бизнес Ассоциациясынын мүчөлөрүнө жана өнөктөштөрүнө карата айткан сөздөрү үчүн коомчулук алдында кечирим сурайт деп ишенебиз.

Акыркылар

JIA Кыргызстандын экспортун кеңейтет

ЖИА КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Консультативдик кеңештин курамына кирди

Антикризистик бизнес-форум: Быйыл акча которуулар 1 миллиард долларга чейин төмөндөөсү мүмкүн

Антикризистик бизнес-форум: Кризис менеджментти монетизациялоого убакыт келди

Антикризистик бизнес-форум: Ишкердиктин өнүгүүсү үчүн эркиндик маанилүү

JIA журналисттик материалдар сынагын жарыялайт