Image default

“Пандемиядан эң көп жабыркаган дагы, эң тез жандана турган дагы тармак туризм болушу мүмкүн.”

Пандемиянын натыйжасында экономикалык кризис башталды. Дүйнө эли, анын ичинде алакандай Кыргызстаныбыз да күтпөгөн бул илдеттен эң көп жабыр тарткандар – ишкерлер жана мигранттар.

Илдет менен карантин жолу аркылуу күрөшүүнү максат кылган өлкөбүздө ишкердик, анын ичинде тиризм тармагы эң чоң кризисти өткөрүп жатат.  Дал ушул учурда бардык ишкерлерди “Кризистен кантип чыгууга болот же бизнести кантип сактап калабыз?” деген суроо түйшөлтүп жатканы талашсыз.  

Биз 28-апрелдеги “Экомайдан” берүүсүндө дал ушул багытта жооп издеп көрдүк. Конокто мурдагы Экономика министри, “Kyrgyz Concept”  компаниясынын президенти Эмил Уметалиев болуп, учурдагы жана келечектеги экономикалык абал, бул учурда ишкерлер эмнелерге көңүл буруусу керек жана туризм тармагында кайсы ишкерлер пандемияга туруштук бере алары тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

Эмиль Уметалиевдин пикири боюнча пандемиядан кийинки жумушун жолго кое алган ишкерлер кимдер?

  • Тармагынын чыныгы адиси болууга умтулган ишкерлер бул жолу да кыйынчылыкты жеңе алат.
  • Бул багытта каражат табууну эле эмес, тармагында жыйынтык чыгарууга умтулгандар. Каражат табууну көздөгөндөрдүн же бизнеси жок болот же таптакыр башка тармакка ооп кетишет.
  • Компаниянын ички жана сырткы байланышын үзгүлтүккө учуратпаган ишкерлер. Кырдаалга карабастан социалдык тармактарда өзүнүн аудиториясын керектүү маалымат менен камсыз кылган компаниялар.
  • Акылы менен иш жүргүзгөн, кардардын муктаждыгын жана келечектин муктаждыгын сезе билген ишканалар.
  • Жана негизгилеринин бири – учурдан пайдаланып дүйнөлүк жаңы технологияны өздөштүргөн жана ишкердик багытында билимин жогорулатып, изденген ишкерлер. Иновацияны жаңы мүмкүнчүлүк катары карап, ишмердүүлүгү менен айкалыштыра алган ишкерлер бул абалдан эрте чыга алат.

Андан сырткары, Эмил Уметалиев пандемиядан кийинки эң көп суроо-талап жараткан ишкердиктин түрлөрү тууралуу дагы айтып, төмөнкүлөрдү эсептеди:

  • Саламаттыкты сактоого багытталган бизнеске басым жасаган ишкерлер. Ооруканадан тартып диагностика, дарыканаларга чейин.
  • Билим берүү тармагында иш алып барган ишканалар. Анткени эл учурда эң көп билимдин, ден-соолуктун маанилүүлүгүн  түшүнүп турат.
  • Тазалык жана өздүк гигиенага тиешелүү иш-аракеттер. Мисалы, таза аба, таза суу, таза жемиштер.
  • Жаңы технология менен камсыздалган жана аны жакшы өздөштүргөн бардык бизнестин түрлөрү мындан ары башкалардан 10 эсе алдыда болорун билдирди.

Акыркы жаңылыктар

БИЗНЕС-КОНСУЛЬТАНТ РЫСБЕК БЕГМАТОВ: “ПАНДЕМИЯДАН КИЙИН КАНТИП ИШКЕР БОЛОБУЗ?”

“Talent Startups” долбоору старт алды

Требуется PR-менеджер

Дүйнөдө жаңы тартип пайда болууда. Ага кандай даярдыктар көрүлүшү керек?

JIA TRADE (Соодага көмөктөшүү)

Эмне үчүн өкмөт курулуш тармагына көңүл бурушу керек?