Image default

Пандемия бизди онлайн жашоого үйрөттү. Ишкердикти IT менен айкалыштыруу кризистен чыгуунун дагы бир жолубу?

“IT тармагы – пандемиядан кийинки дүйнөгө кызмат кылуучу бизнес-модель”

19-апрель JIA ишкерлеринин ортосунда  “Пандемиядан кийинки IT тармагынын орду» деген темада вебинар өттү. Анда Чикагодогу “Cybertek” компаниясынын директору Эсен Ниязов ишкерлерге IT тармагынын бүгүнкү күндөгү орду жана пандемиядан кийин ITнин бизнеске кылган кызматы туурасунда кеп курду.

Вебинардын алкагында, спикер пандемия бизди онлайн жашоого толугу менен жол ачарын жана ишкерлер ал үчүн эмнелерге көңүл буруусу керектигин белгилеп өттү.  

Ишкер IT технологиясын кантип бизнесинде колдонсо болот же бизнеске IT кандай пайда берет?

Эсен Ниязовдун ишкерлерге сунушу:

  1. Бардык бизнестин интернет дүйнөсүндө өзүнүн онлайн жүзү болушу керек. Ишмердүүлүгүңүздү коомго website, социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу толугу менен жайгаштырыңыз.
  2. Ишкердикти онлайндаштырууну четке какпай, тескерисинче мүмкүнчүлүк катары кабыл алыңыз. Серепчилердин айтымында, мурда атамекендик бизнес Кыргызстандын гана рыногунда болсо, мындан ары технологиялар дүйнөнү бириктирүү алдында турат. Андыктан ишкер бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калууга умтулуусу зарыл.
  3. Бизнес процесстерди IT менен бириктирүү аркылуу жумушуңузду жеңилдетиңиз. IT системасын киргизүү аркылуу өзүңүз эле эмес, кызматкерлериңиздин да аралыктан иштөөсүнө шарт түзүп бериңиз.
  4. ITни бизнеске киргизүүдө сөзсүз түрдө капитал талап кылынат. Бирок онлайн технологияны туура колдонуу аркылуу сиз андан да көбүрөөк пайда алып келе аласыз.
  5. IT тармагында бизнес кылуунун үстүндө ойлонуп көрүңүз. Бул Кыргызстандын эле эмес, дүйнөлүк рынокто эң көп талап кылынган жумуш. Эгерде сиздин ашыкча капиталыңыз болсо, бул тармактан өзүңүздү сыноого неге болбосун?
  6. IT мектебин ачуу. Эгер ишкер каражатын кайсы тармакка сарптоону же кайсы багытта иш алып барууну билбей жүрсө, бул багытта билим алууну издеген жаштардын потенциалын аларга шарт түзүү аркылуу колдонсо болот. Бирок команданын башында сөзсүз түрдө бул тармактын адиси болгон жакын таанышыңыз же өнөктөшүңүз туруусу шарт.

Акыркы жаңылыктар

Lady Club: ишкер айымдардын неформалдуу кечеси

Таластан Жалал-Абадка… Ишкерлер арасында тажрыйба алмашуу

Таластан Ошко… Ишкерлер арасында тажрыйба алмашуу

Айым ишкерлерди колдоо программасы старт алды

МЕЙКАТОН 2020 долбоорунун жеңүүчүлөрү

JIA EXPO- ишкерлердин өз ара таанышуу жана кызматташуусу үчүн аянтча