Image default

Пакыров: Кризистен кийин чакан орто бизнеске көбүрөөк көңүл бурушубуз керек

12-ноябрь күнү ЖК КР Төрагасы Талант Мамытовдун катышуусунда ЖК КР алдындагы Бизнес жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу өттү.

Ага JIA Бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров да катышып өлкөдөгү ишкердик, кризис учурунда ишкердиктеги негизги көйгөйлөр жана ал көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштады.
Төрага менен өткөн жолугушуудагы Фархад Пакыров көтөргөн  негизги көйгөйлөр:

1. Пандемия байланыштуу өлкөдө кризис бар. Ал кризистен чоң бизнеске караганда чакан жана орто бизнес көбүрөөк жабыр тартты. Учурда региондогу ишкердик көбүрөөк кыйналып турат. Биз буга чейин иштеп келген Ишкердикти тейлөө борборлорунун (ЦОП) ишин жандандырып көбүрөөк ишкерлерге маалыматтык кеңеш жагынан беришибиз керек.
2. Кризис учурунда көп өлкөлөр инфраструктуралык долбоорлор менен курулуш тармагына көбүрөөк басым жасап жатат. Анткени курулуш тармагы чоң сектор жана өзүнүн артынан башка тармактарды дагы алып кете алат. Ошондой эле көп жумуш ордун түзөт. Биз этаптуу курулуш боюнча мыйзамды тезирээк кабыл алышыбыз керек.
3. Электрондук санариптик кол тамга. 2021-жылдын 1-январынан тарта региондогу ишкерлер электрондук санариптик кол тамганы колдонуп башташ керек. Бирок, региондордо ишкерлер бул кол тамганы сатып алууда кыйналып жатышат. Бул маселени да тез арада чечпесек 1-январдан тарта ишкерлерге туум кошулуп калуусу ыктымал.

Акыркы жаңылыктар

#startupWeekendwomenOsh

Корпоративдик байланыштарды колдоо: ишкерлер арасында футбол турнири

Не знаете, что делать с бизнесом дальше? Есть предложение

БИЗНЕСКЕ АКЧА КЕРЕК

Ийгиликтүү ишкерлердин ийгиликсиз тажрыйбаларынан: Өнөктөштүктө эмнелерге маани берүү керек?

JIA дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирет! 🙏