11-февраль күнү JIA Бизнес-ассоциациясынын Ош филиалы менен ОлолоOsh биргеликте уюштурган #Business_Talks долбоору старт алды. Ага Оштогу медицина, курулуш, билим берүү тармагындагы ишкерлер катышты.
Talksтун темасы: “Курулуш, билим берүү жана медицина тармагында сатууну кантип жакшыртууга болот?“ деген теманын айланасында өттү. Ага Ололонун кош негиздөөчүсү Данияр Аманалев, Визион Групп курулуш компаниясынын коммерциялык директору Марат Абдыкаимов жана Ош Клиникасы жеке менчик ооруканасынын башкы директору Камчы Исабаевдер өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү.
Спикерлерге ыраазычылык билдиребиз!