Биз мүчөлөрүбүздүн ийгиликтери менен бөлүшүүнү улантабыз.
Ош JIAнын мүчөсү “Центр Радости” балдар борборунун жетекчиси Gulnura Abylkasymova өз каражатынан Оштогу Жоомарт Боконбаев мектеп-гимназиясынын окуучулары үчүн атайын балдарды өнүктүрүүгө арналган эс алуу жана окуу бурчун ачып берди.
Эс алуу жана окуу бурчу окуучулардын бош убактын пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүнү максат кылат.
Аталган бурчта кенже класстын балдары бош убактысын китеп окуп, сүрөт тартып жана түрдүү буюмдарды жасай алат.
“Центр Радости” балдар борбору 7жаштан 11 жашка чейинки балдардын өнүгүүсүнө арналган болбор.
Борбордон сиздин балаңыз:
Сүрөт тартканды
Интеллектуалдык жөндөмүн өнүктүүнү
Англис тилин
Ырдоо
Бийлөөнү
Кол өнөрчүлүк
Тез окууну үйрөнө алат.
“Биз сиздин балаңыздын үй тапшырмасына жетишүүсүнө кубануу менен жардам беребиз” © “Центр Радости” балдар борбору.