Image default

Ментордук программа – пандемиянын чакырыктарына жооп катары

Коронавирус тарап, анын кесепетинен дүйнөдөгү жана өлкөдөгү экономикалык кризистин айынан 2020-жыл ишкерлер үчүн, өзгөчө аял ишкерлер үчүн оор жыл болду.  Кризис калктын көп бөлүгүн, айрыкча аялдарды жумушсуздукка кептеди. Көптөгөн ишкерлер белгисиздик шартындагы чектөөлөрдүн айынан  карыз берүүчүлөрдүн алдындагы финансылык милдеттенмелерине байланыштуу олуттуу көйгөйлөргө туш болушту. Айрымдар кредиторлор, ижара бергендер жана алгандар, поставщик жана подрядчиктери менен мурда түзүлгөн келишимдерин кайра карап чыгууга аргасыз болушту.

“Борбор Азиядагы соодага көмөктөшүү” долбоорунун алкагында аял-ишкерлерге Ментордук Программа иштелип чыгып жана ишке ашырылды. Программа аял ишкерлердин экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен укуктарын кеңейтүүгө жана COVID-19 пандемиясынын шартында ишкердиктин туруктуулугун сактоого багытталган.

 

Ошондой эле, “Борбор Азиядагы соодага көмөктөшүү” долбоору өлкөнүн максаттуу региондорунда Кыргызстандын аял-ишкерлери үчүн семинарларды өтүү менен даректүү колдоо көрсөттү. Өз алдынча окуу үчүн негизги темалар боюнча электрондук модулдар иштелип чыкты:

  1.    Бизнести илгерилетүү көндүмдөрү жана репутацияны башкаруу;
  2.     Шакиртти (ментини) иштеген тармагы боюнча жана деталдуу окутуу;
  3.     Экспорттук-импорттук процедуралар;
  4.     Финансыны жана сатууларды башкаруу;

 

PDF форматындагы модулдарга шилтеме:

Элетронный модуль.p

Курсту төмөнкү шилтеме боюнча окууга болот: https://classroom.google.com/c/MzkwNDg2MzU0NDg2?cjc=7sav5db  

Кирүү коду 7sav5db

 

Бул платформадан бизнеске ээлик кылган аялдар аталган темалар боюнча презентацияларды өз алдынча изилдөө менен билим ала алышат жана алган билимин текшерүү үчүн тесттен өтсө болот, алар платформадагы ар бир темага кошо тиркелген. 

Дагы көбүрөөк сандагы аял-ишкерлерди камтуу үчүн call-центр ишке киргизилген, ал COVID-19 пандемиясында бизнеси жапа чеккен ишкер-аялдарга колдоо көрсөтүүгө багытталган. Аял-ишкерлерге финансы жана укуктук маселелер боюнча консультация жана ошондой эле психологиялык жардам акысыз көрсөтүлөт. 

Сall-центрдин номери 0500996106

 

Сall-центрдин буга чейин көрсөткөн консультациялык жардамдарынын жыйынтыгына карап көп берилчү суроолордун тизмеси түзүлүп жана аларга кеңири жоопторду камтыган Telegram платформасында чат-бот иштелип чыкты, ал жактан ишкер-аялдар бир баскычты басуу менен кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

Чат-боттун шилтемеси  @Aiym_ishker_bot

Акыркылар

JIA Кыргызстандын экспортун кеңейтет

ЖИА КРнын Башкы прокуратурасынын алдындагы Консультативдик кеңештин курамына кирди

Антикризистик бизнес-форум: Быйыл акча которуулар 1 миллиард долларга чейин төмөндөөсү мүмкүн

Антикризистик бизнес-форум: Кризис менеджментти монетизациялоого убакыт келди

Антикризистик бизнес-форум: Ишкердиктин өнүгүүсү үчүн эркиндик маанилүү

JIA журналисттик материалдар сынагын жарыялайт