Image default

МЕЙКАТОН 2020 долбоорунун жеңүүчүлөрү

МҮЧӨЛӨРҮБҮЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ! 😍

JIA мүчөсү Fair & Sustainable Development Solutions – FSDS
уюштурган 🏆 МЕЙКАТОН 2020 долбоорунун ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ аныкталды
Нарын шаарынан келген “ШАНС” командасы Бишкек шаарында өткөн Мейкатон 2020 сынагынын жеңүүчүсү болду!
🤩 Үч күн бою Кыргызстандын аймактарынан келген жаш ойлоп табуучулардан турган 4 топ коронавируска каршы күрөшүү үчүн прототиптердин үстүндө иштешти.
1-орун: “ШАНС” командасынан Букарадинов Улукбек жана Алмаз Чомонов – автоматташтырылган санитайзер жөнүндө идеясы.
2-орун: “КОМПАС” – балдардын температурасын текшерип, колду дезинфекциялоочу робот доктурду иштеп чыкты
3-орун: “MAKER SPACE” – эшиктин кармагычтарын дезинфекциялаган автоматташтырылган робот иштелип чыкты
4-орун: “CARIN IS SHARING” – бөлүмдөрдө жана кеңселерде абаны дезинфекциялоого арналган бактерициддик рециркулятор иштелип чыкты.
👥 Калыстар тобуна JIA мүчөсү “Ордо Трейд” компаниясынын башкы директору Сейиткулов Эрлан да катышты.
#Мейкатон – бул улуттук иш чара.
Анда ойлоп табуучулар, дизайнерлер, иштеп чыгуучулар, инженерлер, дарыгерлер (“мейкерлер”) майыптыгы бар адамдар, балдар жана алардын жакындары (“нидноуэрлер”) менен биргеликте технологиялык иштеп чыгууларды жаратышат. Жаңы технологиялар алар күнүмдүк жашоодо туш болгон кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жардам берет.

Акыркылар

JIA бизнес-ассоциациясы – ишкерлерге түзүлгөн ийгиликтүү ишмердүүлүк аянтча! – Мүчөлөрдүн статистикасы

“Бизнес Старт” долбоорунун алкагында 80 катышуучу окутуу программасынан өттү

JIA ишкерлеринин Өзбекстанга болгон иш сапары

JIA кыргызстандык 13 ишкерге 10 000 долларга чейин гранттык колдоо көрсөттү

БИЗНЕС ИДЕЯНЫ КАНТИП ТАНДОО КЕРЕК?

Курулуш тармагында көйгөйлөр тууралуу Премьер-министр менен болгон экинчи жыйынга JIAнын мүчөлөрү катышты