Биз бизнести сапаттуу жана туура жүргүзүү маселесинин тегерегинде ар кыл кеп-кеңештерди беребиз. Бардык суроолорду угуп, ага жоопторду беребиз, ал бизнес жаатындагы салыктар жана юридикалык учурлар менен коштолушу мүмкүн.
1.Салык төлөө жана бизнести каттатуу боюнча базалык суроолор жаатындагы кеп-кеңештер
2. Эксперттик колдоо, ага өкмөттөн тарта мамлекеттик органдар менен өз ара кызматташуу кирет
Биз, бизнеске тоскоолдук кылган учурларды бийликтин органдары жана жөнгө салуучу органдар менен талкуулоого шарт түзүп беребиз.
3. Тематикалык комитеттердин ишине тартуу аркылуу бизнесмендердин ишмердүүлүгүн коштоо
Биз тармактык комитеттердин платформасын түздүк. Анда бул же тигил сферанын ар бир өкүлү өнүгүү үчүн актуалдуу маселени көтөрүп чыгып, талкуулап жана чече алат.
4. Корпоративдик байланыштарды колдоо
Биз үчүн жалпы платформаларда жана эл алдында кабыл алынган чечимдердеги ырааттуулук жана чечилиши абдан маанилүү. Ал үчүн ЖИАнын бир катар долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн жарыялайбыз. Алар ишкерлерге маалыматтын булагын кеңейтип жана койгон максатына жетүүгө жардам берет.
5. Бизнес- маалыматтарды таратуу
Бул кызмат ишкер маанайдагы ар кыл маанилүү маалыматтарды таратууга жана калыптандырууга багытталган. Бул бизнести өнүктүрүүдө пайдалуу болушу мүмкүн.
6. Тез маалыматтарды алмашуу, байланыштарды түзүү үчүн онлайн-аянтча
JIA App жана WhatsApp каналындагы тематикалык топтор. Биз сиздердин өз ара байланышып жана маалыматты натыйжалуу алмашууңуз үчүн бардык шарттарды түзөбүз.
7. Рекрутинг
Биз бизнеске ишке мүмкүнчүлүгү жакшы кызматкерлерди тартууга жардам беребиз. Үзгүлтүксүз жаңылап турган маалыматтарыбыздан бизнестин суроо-талабына жараша кадрларды таап же талапкерлерди сунуштайбыз. Биз менен иштеген оңой: арыз таштап коесуз, а биз карап көрүңүздөр деп резюме жиберебиз.
8. Бизнес-сапарлар/ иш сапарлар
Эки тараптуу жолугушууларды уюштурабыз. Америка, Европа, Азияга өлкөлөрүнө экономика жаатындагы кызматташуу жана аны кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү таап берүү каралат. Анда бизнестин ресурстары пайдаланылат.
9. Инвестиция тартуу (BIF) жана B2B жолугушууларын уюштуруу
Бизнес-аянтчаларды түзүү, колдоо көрсөтүү. Бул жерден жаңы бизнес-идеялар туурасында билип, потенциалдуу инвесторду жолуктурууга мүмкүнчүлүк бар. Андан сырткары бизнестеги жаңы тренддер туурасында билип турса болот. Айтор, форумга келген киши өзүнө керектүү деген нерсени таба алат.
10. Форумдар менен көргөзмөлөрдү уюштуруу
Глобалдуу жана тематикалык ар кыл көргөзмөлөргө катышуу менен ар кыл өлкөлөрдө бизнес-алакаларды түзүү. Мындай иш-чаралардын календарын түзүп, ар кыл түрдөгү жана сандагы иш сапарларды уюштурууга даярбыз
11. Корпоративдик байланыштарды өнүктүрүү үчүн бизнес иш-чараларды уюштуруу
Биз ар кыл түрдөгү, ар кандай аудиториялар менен тааныштыруу кызматын көрсөтүп, бизнес-жолугушууларды уюштуруп, бизнести өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөбүз. Бул байланыштарды бекемдеп жана сапаттуу өнүгүү үчүн өз ара кызматташууда маанилүү нерсе.
12. Байланышты бекемдөөчү платформаны колдоо жана калыптандыруу
Клубдардын, аянтчалардын жана кайсы бир долбоордордун алкагында иштин ырааттуулугун жана системалык маданиятын калыптандыруу. Анын мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктүрүн бекемдөө, бизнести өнүктүрүү үчүн өз ара кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу.
13. Бизнести алдыга жылдыруу боюнча көрсөтүлгөн кызмат
Биз бизнестин системалуу иштеши үчүн базаны калыптандыруу боюнча кызматтарды сунуштайбыз. Пайдалуулук принцибинин негизинде рынокко анын ырааттуу жана орундуу алып чыгылышына көмөктөшөбүз.