Стартаптардын кичи жана орто бизнестерден айырмасы – максаттуу масштаб. Стартап биринчи кирешеден кийин эле токтоп калбайт – жабылып калуу тобокелчилигине карабай, базар экономикасында лидер болууга ашыгат. Бизнести дал ушундай образда жүргүзүү инвесторлордун кызыгуусуе арттырат. Кыргыз стартаптарына инвестиция жасоо дал ушул көрүнүшкө туура келет. Мындан тышкары, айлык жашоонун арзандыгы жана мыйзамдардын жеңилдигинен улам, кыргыз стартаптарына инвестиция жасоо арзан түшөт. Сloud computing жана санариптик ыңгайлуулуктарга жараша стартаптар бир канча ноутбуктан башка кымбат жабдууларга муктаж эмес. Ошентип, стартаптардагы негизги чыгаша башка аймактагы стартап-экосистемаларга ылайык билими, жөндөмү барлардын жашоосуна гана багытталат. Кыргызстанда жашоо да салыштырмалуу арзан. Кыргызстандын стартаптарына инвестиция жасоонун максаттуу экенин түшүнүү үчүн Кыргыз Биржалык Фондунун өсүү индексине көңүл буруу жетиштүү. 2010-жылдан 2019-жылга чейин 7 эсе өсүп, жалпы капитализация 397 миллион долларды түзгөн. Ошол эле учурда жабык акционердик стартаптар модели фирманын көзөмөлүнө кызыккан инвесторлорго ылайык келет.
Дата: 11.10.2019
Место: Этно-комплекс Дасмия
Будьте в курсе событий!
Site: bif.kg
Telegram: https://t.me/bishkekinvestforum
Instagram: @bif.kg
FB: https://www.facebook.com/bishkekinvestmentforum/
📞Телефоны для справок:
📱+996 701 44 88 22 (WhatsApp)
📱+996 552 13 88 33