Image default

«Кыргыз сонундук” дүйнөгө тарап, сүймөнчүккө ээ болуп калаарына шегим жок

🔆🔆🔆 Жаратмандык менен талыкпай эмгектенип жаткан урматтуу ишкерлер!

Бүгүнкү күнү сиздерге жаңы форматтагы өзгөчө продукт сунуштап жатабыз. “Кыргыз сонундук” – бул эч кимде жок, жаңы даам.

“Кыргыз сонундуктун” тамактары дүйнөгө белгисиз даамдар. Кылымдар боюу кыргыз элин багып келген, ата-бабаларыбыздын табигый туюмунан жаралган тамактардын даамын бузбай, жаңылаштырып, “Кыргыз сонундук” аркылуу сунуштап жатабыз.

Тамактануу – бул жөн гана ач карынды ток кылуу эмес. Тамактын даамы аркылуу элибиздин көчмөн тарыхы эске түшөт. Тамактанып атып апабыздын мээримин, балалык даамды эстеп, бактылуу эмоцияларга ээ болобуз.

Эң негизги уникалдуулугу – бул табигый нукура даам, эч кандай даам күчөткөн кошулма жок, бардыгы эненин мээриминдей колго жаңы жасалып тартууланат.
Өзгөчөлүгү – эң жогорку сапаттагы азык-түлүктөн кардардын көзүнчө жасалат.

«Жалпылап көтөргөн жүк жеңил болот» дегендей, урматтуу замандашым, көчмөн даамын тараткан “Кыргыз сонундукту” дүйнөгө жайылтуу ишинде сизди өнөктөш болууга чакырам.

«Кыргыз сонундук” дүйнөгө тарап, сүймөнчүккө ээ болуп калаарына шегим жок.

Энелик мээримим менен,

Жаңылсынзат Турганбаева
«Кыргыз сонундук» брендинин негиздөөчүсү

Акыркылар

Ишкер айымдарга зарыл кеңештерди берген биринчи Call – центр ишке кирди

Бизнес Старт долбооруна 14 бизнес долбоору тандалып алынды

COVID-19 пандемиясынан жабыркаган бизнестерге гранттык колдоо көрсөтүлдү – видео

Исфанада ишкер айым JIAдан гранттык колдоо алды

JIA бизнес-ассоциациясы – ишкерлерге түзүлгөн ийгиликтүү ишмердүүлүк аянтча! – Мүчөлөрдүн статистикасы

“Бизнес Старт” долбоорунун алкагында 80 катышуучу окутуу программасынан өттү