Жашыл толкун

“Кыргызстандагы жашыл бизнес практикаларды жайылтуу” долбоорунун алкагында "Жашыл толкун" демилгесинин биринчи фазасы жыйынтыкталып, студенттер өздөрүнүн жашыл демилгелерин тартуулашты.

Долбоор студенттердин жашыл экономика боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана окуу жайлардын бизнес, мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.

Демилгеге 15 ЖОЖдун студенттери өтүнмө берип, алардын ичинен 9 ЖОЖдун командалары тандалып алынган. Алар үчүн 7 күндүк практикалык сабактар жана компанияларга экскурсиялар уюштурулган. Ошондой эле, ар бир командага илимий жетекчи жана насаатчы-ишкер бекитилген.

 Жыйынтыгында студенттер теориялык жана практикалык билимдерин колдонуп, жашыл демилгелерин сунуштап, төмөнкү номинациялар боюнча сыйланышты:
“Жашыл демилге” – И. Раззаков атындагы КМТУнун студенттери;
 “Жашыл чыгарма” – Ош технологиялык университетинин студенттери;
 “Жашыл фантазия” – Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери.

Командаларды, окуу жайларды, илимий жетекчилерди жана насаатчы-ишкерлерди куттуктайбыз!

“Кыргызстандагы “жашыл” бизнес практикасын жайылтуу” демилгеси JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.”