2024-жылдын 18-19-октябрында “Кыргызстанда жашыл бизнес-практикаларды жайылтуу” долбоорунун алкагында студенттерге жашыл чечим жана инструменттердин ишке ашырылуусун практикада көрсөтүү үчүн эки күндүк экскурсия уюштурулду.
Эки күндүк ичинде өндүрүш, кайра иштетүү жана жашыл компанияларына экскурсия уюштурулуп, жашыл чечимдердин жана инструменттердин практикадагы иштеши менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду:
1) Маткасымов заводу
2)ОсОО KazEco
3) Би Компазит
4) Ысык-Атинский ГЭС
5) Курулуп жаткан объектти жылуулоо технологиясы таанышуу
“Жашыл Толкун” конкурсуна 21 команданын ичинен 8 команда тандалып алынган, ар бир команданын курамы 5 студенттен турду.
Теорияда алган билимди практикада ишке ашуусун көрүүгө жана пайда болгон суроолор жооп алууга мүмкүнчүлүк берген ишкерлерге терең ыраазычылык билдиребиз!
“Кыргызстандагы жашыл бизнес практикасын жайылтуу” демилгеси JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан, BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда".
