Сиз туруктуулукка жана жашыл практикага кызыккан айым ишкерсизби?
Бизнесиңизге жашыл технологияларды/чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган “Кыргыз Республикасында жашыл бизнес практикасын жайылтуу” долбооруна катышууга чакырабыз!
Сиз кандай артыкчылыктарга ээ болосуз?
- жашыл практикага натыйжалуу өтүү үчүн билим жана колдоо
- бизнес-пландарды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда бизнес-консультанттардын жардамы
- башка ишкер айымдар менен байланыш түзүү
- долбоор аяктагандан кийин баалуу сыйлыктар жана сертификаттар
Тандоо критерийлери:
- Иштеп жаткан бизнестин болушу
- ЖИАнын резиденти болуусу
- Жашыл инструменттерди/тажрыйбаларды ишке ашырууга финансылык даярдыктын болуусу
- Консультанттардын колдоосу менен жашыл практикаларды камтыган бизнес-планды иштеп чыгууга даяр болуусу
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 25.08.2024 саат 18:00гө чейин
Анкетаны шилтеме аркылуу толтуруңуз https://clck.ru/3CSZRW
Суроолор боюнча байланыш: +996 551 177 473 Урмат Джаналиев
"Кыргызстандагы "жашыл" бизнес практикасын жайылтуу" демилгеси JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда."
