Жашыл фантазия

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттер командалары “Кыргызстанда жашыл бизнес-практикаларды жайылтуу” долбоорунун алкагындагы “Жашыл толкун” демилгесине катышып, “Жашыл фантазия” номинациясы боюнча III орунга ээ болушту. 
Байге катары студенттерге жана алардын окутуучуларына смарт-сааттар  тапшырылды.

Нарын мамлекеттик университетинин студенттери “Канато” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн талдап, төмөнкү экологиялык чечимдерди сунушташты:
• Биогаз колдонуу менен жылытуу системасын алмаштыруу 
• Электр энергиясын күн панелдери аркылуу камсыз кылуу 
• Канализация жоктугун жоюу үчүн заманбап тазалоочу жабдууларды орнотуу 

Ал эми Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери “Элсист Инжиниринг” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн изилдеп, жашыл чечимдерин сунушташты. Команда компаниянын маалыматтарын ар кандай эл аралык методикалар жана эсептөө инструменттери аркылуу терең талдап, чоң көлөмдөгү маалыматтарды топтоп, баалуу сунуштарды иштеп чыгышты.

“Кыргызстандагы “жашыл” бизнес практикасын жайылтуу” демилгеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрилиги, JIA бизнес-ассоциациясы жана BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.