“Жашыл толкун” демилгесинин студенттери 32 800 долларлык жашыл чечим сунуштап, жеңишке жетишти.
И. Разаков атындагы КМТУнун студенттери “Кыргызстанда жашыл бизнес-практикаларды жайылтуу” долбоорунун алкагында ишке ашкан “Жашыл толкун” демилгесине катышып, “Жашыл демилге” номинациясын жеңип, велосипедге ээ болушту. 🚲
Алар “Тазалык Сервис” компаниясынын ишин талдап, экологиялык туруктуулукту камсыздоо боюнча үч сунуш беришкен. Арасында өзгөчө сунуш — EURO-6 стандартындагы таштанды ташуучу унаа, баасы 32 800 АКШ доллары, зыяндуу бөлүнүүлөрдү кыскартат жана иштин натыйжалуулугун жогорулатат.
Компаниянын жетекчилиги студенттердин демилгелерин колдоп, кызматташтыкка даяр экенин билдирип, “Qadam” долбооруна да колдоо көрсөттү.
“Кыргызстандагы “жашыл” бизнес практикасын жайылтуу” демилгеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрилиги, JIA бизнес-ассоциациясы жана BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.
