Жашыл чыгарма

Ош технологиялык университетинин студенттер командасы “Жашыл толкун” демилгесинин алкагында  ЖЧКсына экологиялык анализ багытында чоң иштерди аткарды.

Команда мейманкананын конокторду тейлөө чыгымдарын изилдеп, тейлөө чынжырындагы кайра колдонуу, калдыктарды азайтуу жана кайра иштетүү жаатында олуттуу жыйынтыктарга жетишти.

Байге катары студенттерге жана алардын окутуучуларына планшеттапшырылды.

Негизги жетишкендиктердин бири экологиялык порошоктор менен жуучу каражаттарды киргизүү болду. Бул ыкма мекеменин бюджети үчүн 23% үнөм алып келди. Мындан тышкары, студенттер бизнеске байланыштуу углероддук издин көлөмүн эсептеп чыгып, аны азайтуу боюнча пайдалуу сунуштарды беришти.

“Кыргызстандагы “жашыл” бизнес практикасын жайылтуу” демилгеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрилиги, JIA бизнес-ассоциациясы жана BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.