Жашыл Толкун

“Кыргызстанда жашыл бизнес-практикаларды жайылтуу” долбоорунун  “Жашыл Толкун” демилгесинин алкагында студенттерге жашыл чечим жана инструменттердин ишке ашырылуусун практикада көрсөтүү үчүн өндүрүш, кайра иштетүү жана жашыл экономиканын принциптерин ишке ашырып жаткан ишканаларга экскурсия уюштурулду.

2 күндүк интенсивдик окутуудан кийин экскурсия учурунда студенттер жашыл чечимдердин жана инструменттердин практикада колдонулушу менен төмөнкү ишканалардын мисалында таанышуусуна мүмкүнчүлүк болду:
1. «Green City» — жылуулук жана суу жылытуучу система.
2. «Стекло Переработка» — айнекти кайра иштетүүчү ишкана.
3. «Тазалык Сервис» — калдыктарды кайра иштетүүчү завод.
4. «Кикшеринг Центральная Азия» —  жашыл транспорттун альтернативдүү түрү катары электросамокаттар көрсөтүлдү.

Теорияда алган билимин практикада ишке ашуусун көрүүгө жана пайда болгон суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берген ишкерлерге терең ыраазычылык билдиребиз!

“Кыргызстандагы жашыл бизнес практикасын жайылтуу” демилгеси JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан, BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда».