Жакында JIAнын Жашыл комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн негизги кадамдары аныкталып, бул жылга пландар талкууланды
Талкууланган негизги маселелер:
Экологиялык жактан туруктуу бизнес моделдерин өнүктүрүү
Жашыл технологияларды жана кайра иштетүү процесстерин колдоо
Кыргызстандын ишкерлерин экологиялык стандарттарга ылайык иштөөгө үндөө
Мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташтыгын күчөтүү
Инновациялык жана жашыл стартаптарга колдоо көрсөтүү
Жашыл комитеттин максаты – ишкерлерди экологиялык жоопкерчиликке үндөп, жашыл экономика принциптерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүү. Комитет экологиялык стандарттарды киргизүү, жашыл инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке сектор кызматташтыгын күчөтүү багытында иш алып барат.