JIA Башкармалыгынын жыйыны

2024-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында JIA Бизнес-ассоциациясынын Башкармалыгынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйындын алкагында төмөнкү маанилүү маселелер каралды: 1. Бишкек Инвестициялык Форумунун (BIF) жыйынтыктары алдыдагы пландары; 2. Инвесторлор жана ишкерлер үчүн санарип платформанын концепциясы. 3. Ассоциациянын аткаруучу дирекциясы менен башкаруучу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдери, алардын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоо. Ар бир маселе боюнча активдүү талкуулар болуп, JIA Бизнес-ассоциациясын мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынды.