Сиз туруктуулукка жана жашыл практикага салым кошууга кызыккан ишкер айымсызбы?
Анда бизнесиңизге жашыл технологияларды жана экологиялык чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн сунган “Кыргыз Республикасында жашыл бизнес практикасын жайылтуу” долбооруна катышууга чакырабыз!
Долбоордон кандай артыкчылыктарды аласыз?
Жашыл практикага натыйжалуу өтүү үчүн билим жана колдоо
Бизнес-пландарды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда бизнес-консультанттардын жардамы
Башка ишкер айымдар менен байланыш түзүү
Тандоо критерийлери:
Иштеп жаткан бизнестин болушу
JIA резиденти болуусу
Жашыл инструменттерди жана тажрыйбаларды ишке ашырууга финансылык даярдыгынын болушу
Консультанттардын колдоосу менен жашыл практикаларды камтыган бизнес-планды иштеп чыгууга даяр болуусу
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү:
16-март, 2025-жыл
Анкетаны толтуруу үчүн шилтеме: https://forms.gle/GB1icKhwfjrJ2Dvj7
Суроолор боюнча байланыш:
+996 551 177 473 – Урмат Жаналиев
“Кыргызстандагы жашыл бизнес практикаларын жайылтуу” демилгеси JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан BMZ, Европа Бирлиги (ЕБ) жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.