Бүгүн Ирандагы эң ири соода тармагы болгон “Гармент” компаниясынын (Globus, Азия сыяктуу ) өкүлдөрү менен JIA ишкерлеринин жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага Иранга азык-түлүк тармагында продукция экспорттоого кызыккан ишкерлер катышты. Жолугушуу учурунда кыскача продукт презентациялары өткөрүлүп, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бул жолугушуу экспортту өнүктүрүү, рынокту кеңейтүү жана ишкер чөйрөнүн ишкердик байланышын бекемдөө үчүн маанилүү кадам болуп саналат.