JIA жана WVCEA кызматташуу жолугушуусу.
27-мартта Бишкек шаарында JIA Бизнес-ассоциациясы жана WVCEA ассоциациясынын кызматташуу жолугушуусу өтүп, кызматташтыктын негизги багыттары жана иштөө принциптери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.
Бул меморандум Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы билим берүү, экономика жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөөрүнө ишенебиз.
WVCEA ассоциациясынын негизги багыттары:
- Билим берүү – Корей тили курстары, студенттерди Кореяга алмашуу жана жумушка жөнөтүү, Кореянын университеттери менен кызматташуу.
- Ден соолук жана косметология – Технология жана тажрыйба алмашуу, Кореянын фармакологиялык жана косметологиялык ишканалары менен кызматташуу.
- Туризм – Медициналык жана билим берүү туризми.
- Маданият жана логистика – Эл аралык форумдар, фестивалдар жана көргөзмөлөрдү уюштуруу.