Бишкек шаардык прокуратурасынын - бизнес коомчулук менен жолугушуусу

2024-жылдын 24-октябрында Бишкек шаарындагы Прокуратура аянтчасында JIA ишкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкерлер менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ортосундагы маанилүү маселелер талкууланып, актуалдуу суроолорго жооптор берилди.

Иш-чарага төмөнкү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты:
Мамлекеттик салык кызматы;
Бишкек шаарынын мэриясы;
Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгы;
Экономика жана коммерция министрлиги.

Бул жолугушуу мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулугунун ортосунда ачык диалог түзүүгө жана ишкерлердин маселелерин натыйжалуу чечүүгө багытталган.