12-март JIA Айым ишкерлер комитети үчүн чыгармачылыкка жана шыктандырууга багытталган «Көңүлдөгү Жаз» аттуу керемет иш-чара уюштурулду
Иш-чарада белгилүү кыргыз акыны, бир нече китептин автору Акбар Кубанычбеков өзүнүн ыр саптарын тартуулады.
Ошондой эле, салттуу билимдердин ээси, этно-дизайнер Асель Алканова кыргыздын бай маданий мурасы болгон элечек ороо өнөрүн даңазалап, «Элечек – энелерден калган мурас»
аттуу мастер-классын өткөрдү.
Бул сонун кеченин өткөрүлүшүнө көмөк көрсөткөн башкы демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз:
"Умняшка" билим берүү мекемеси
“Бай Мэри” ЖЧК
"САБ Органик" ЖЧК