Вакансия: Бухгалтердин жардамчысы кызматына  конкурс жарыялайбыз!

Вакансия: Бухгалтердин жардамчысы кызматына  конкурс жарыялайбыз! 

JIA Бизнес-ассоциациясы бухгалтердин жардамчысы кызмат ордуна конкурс жарыялайт! Биз жоопкерчиликтүү жана бардык маселелерге кылдат көңүл бура билген, узак мөөнөткө иштөөгө даяр адисти издейбиз.

Биз издеп жаткан талапкер:
Бухгалтердик эсеп жана финансылык документ жүгүртүү боюнча негизги билими бар;
1С жана Excel программаларын билүү артыкчылык болуп эсептелет;
Тактык, жоопкерчилик жана аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмү;
Кыргыз жана орус тилдерин билүү, англис тилине кошумча артыкчылык берилет;
Коммуникабелдүү жана команда менен иштей билүүсү керек.

Иш шарттары:
Шаардын ыңгайлуу жеринде жайгашкан кеңсе;
Иш графиги: 09:00–17:00, 5/2;
Эмгек акы маектешүү учурунда талкууланат.

Эгерде сиз биздин командага кошулууга даяр болсоңуз, резюмеңизди hr@jia.kg дарегине жөнөтүңүз.