Айым ишкерлер комитетинин алкагында бизнес-эртем

Айым ишкерлер комитетинин алкагында бизнес-эртем 

30-апрель JIA айым ишкерлери үчүн «Патент жана автордук укуктар» жана «HR-диагностика жана кызматкерлердин катышуусунун деңгээл» темаларында бизнес-эртем форматындагы жолугушуу уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында төмөнкү темалар каралды:
- Интеллектуалдык менчикти коргоо жана патенттик укуктардын өзгөчөлүктөрү;
- Кызматкерлердин катышуусун талдоо жана ишке болгон мотивация деңгээлин баалоо ыкмалары.

 Иш-чаранын спикерлери:
Гүлбайра Нишанбаевна – Кыргызпатенттин Товардык белгилер экспертизасы бөлүмүнүн башчысы;

Айсулуу Мустапакулова – Министрлер Кабинетинин алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин Инновациялар бөлүмүнүн башчысы;

Элмира Кудайбергенова – Жеке ишкер, консалтинг тармагындагы адис жана Ассоциациянын активдүү мүчөсү.