Айым ишкерлер комитетинин алкагында бизнес-эртем

Айым ишкерлер комитетинин алкагында бизнес-эртем.

24-январь JIA айым ишкерлери үчүн “Каржыны ишенимдүү жана эффективдүү башкаруунун жолдору” жана “Эмоционалдык түгөнүүнүн белгилери, себептери, аны алдын алуу жолдору” тууралуу бизнес-эртем форматында жолугушуу уюштурулду. 
 
Иш-чаранын спикерлери: 
Нураим Манапбаева, ICF Chapter Kyrgyzstan директорлор кеңешинин мүчөсү, мүчөлүк боюнча комитеттин башчысы.
Чынара Малик кызы,  “Про Консалт” компаниясынын директору, юрист, коуч жана психолог.

Спикерлердин негизги сунуштары:

1. Каржыны башкарууда так пландаштыруу жана чыгымдарды көзөмөлдөө абдан маанилүү.
2. Финансылык максаттарды коюп, аларды үзгүлтүксүз талдап туруу зарыл.
3. Эмоционалдык түгөнүүнү алдын алуу үчүн иш менен эс алуунун тең салмактуулугун сактоо керек.
4. Өзүңүзгө убакыт бөлүп, ден соолугуңузга кам көрүүнү унутпаңыз.
5. Колдоо чөйрөсүн түзүп, кесиптештер жана үй-бүлө менен ачык баарлашуу пайдалуу.