Кыргызстан Профсоюздар федерациясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, ФПСК жана иш берүүчүлөр ассоциациясынын ортосундагы башкы макулдашууну талкуулады

2024-жылдын 8-июль күнү Кыргызстан Профсоюздар Федерациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин ортосундагы 2022-2024 жылдарга башкы макулдашуу боюнча Республикалык үч тараптуу комиссиянын талкуусу болуп өттү. 

JIA бизнес-ассоциациясы социалдык, эмгек жана экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы принциптерин, ошондой эле аларды ишке ашыруу боюнча тараптардын биргелешкен аракеттерин белгилеген башкы макулдашуунун тараптарынын бири болуп саналат.

Жыйында JIA бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жодар Омошов бейформалдуу экономикадан формалдуу экономикага өтүү, иш берүүчүлөр жана кызматкерлер үчүн жарманке өткөрүү, ошондой эле өлкөдө жумушчуларды кармап калуу жолдорун талдоо маселелерин көтөрдү.