Кыргызстандын бардык аймактарында чакан жана орто, ошондой эле ири бизнестин 1400дөн ашык өкүлдөрүн бириктирген JIA Бизнес Ассоциациясы (мындан ары - Ассоциация) 2006-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. JIA өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик институттар, эл аралык миссиялар, донордук уюмдар жана жарандык коом менен өз ара ийгиликтүү кызматташып келет. Ассоциациянын АКШ, Япония, Кытай, Украина, Түштүк Корея, Монголия, Россия, Индия, Польша, Германия, Италия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрү бар.
JIA Бизнес Ассоциациясынын миссиясы - “Кыргыз Республикасынын өнүгүүсү үчүн инновациялык, социалдык жоопкерчиликтүү жана ачык ишкерлер коомчулугун өнүктүрүү”, ал эми урааны - "Ийгиликтүү ишкер - өнүккөн өлкө".
2024-жылдын сентябрында Ассоциация Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин https://nko.minjust.gov.kg/kg. сайтында жарыяланган чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын реестрине (мындан ары - Реестр) кирген. Бул жагдай Ассоциациянын резиденттери жана өнөктөштөрү арасында бир катар суроолорду пайда кылды. Ошондуктан төмөндө аталган Реестрге киргизүүнүн себептери жөнүндө маалыматтар берилмекчи.
2024-жылдын апрель айында өлкөбүздө Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамынын талабы күчүнө кирди жана ага ылайык Кыргыз Республикасындагы чет элдик булактардан, анын ичинде эл аралык уюмдардан акча жана башка каражаттарды алган жана саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн (анын формаларына коомдук иш-чараларды өткөрүү да кирет) бардык коммерциялык эмес уюмдар өздөрүн Реестрге киргизүү жөнүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү эле. Билдирүү талабын аткарбоо коммерциялык эмес уюмдун бузуулар жөнүндө билдирүү алуусуна, ишинин токтотулуусу жана жоюулуусу үчүн негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, Ассоциация Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине билдирүү жөнөтүү боюнча татаал чечим кабыл алды жана анын негизинде Реестрге киргизилген. Ассоциациянын Реестрге кирүүсү аны чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарган коммерциялык эмес уюм катары өзү тарабынан даярдалган, таратылган жана (же) жөнөтүлгөн материалдарды (маалыматтарды) көрсөтүүгө милдеттендирет. Ошондой эле жыл сайын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине көз карандысыз аудитордук отчетун берүүгө милдеттүү болот.
Ассоциациянын көп жылдар бою эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө жана алардын колдоосу менен иш алып барып келгендигине, алардын Ассоциациянын социалдык миссиясын ишке ашыруусуна көмөк берип келгендиги жана берүүнү улантып жаткандыгына байланыштуу билдирүү жиберүү чечими кабыл алынган. Ассоциация донордук колдоонун алкагында Ассоциациянын социалдык маанилүү ишмердүүлүгүн колдогон гранттарды алган жана алууда. Алынган гранттар долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу максатында гана колдонулат. Ал эми Ассоциациянын административдик чыгымдарын каржылоо мүчөлүк акылардын эсебинен гана каржыланаарын баса белгилейбиз.
- Донорлордун колдоосу менен өлкөбүздүн экономикасы үчүн бир катар маанилүү иш-аракеттер жүзөгө ашкан, алар: изилдөөлөр (COVID-19 пандемиясынын Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнө тийгизген таасири - 2020, Кыргыз Республикасындагы жашыл экономикасы - 2021, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын талдоо - 2022), форумдар (Бишкек Инвестициялык Форуму, Жашыл экономика форуму, Green Waste форуму), билим берүү программалары жана ишкерлерге маалыматтык-консультациялык долбоорлор (маалыматтык жолугушуулар, юридикалык консультациялар жана бизнес-консультациялар).
Учурда JIA Бизнес Ассоциациясы эл аралык уюмдардын колдоосу менен өлкө аймагында төмөндөгү долбоорлоорду ишке ашырууда:
- Бизнести өнүктүрүү жана экспорттук рынокко чыгуу үчүн аялдардын потенциалын жогорулатууга багытталган ишкер айымдар жана жаштар үчүн насаатчылык программасы. Насаатчылык программасынын катышуучулары каржыланган өндүрүшкө жашыл жана инновациялык технологияларды киргизүү үчүн гранттык колдоо алууга мүмкүнчүлүк алышат. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен ишке ашырылууда.
- Кыргызстанда жашыл технологияларды жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө багытталган жашыл бизнес практикасын жайылтуу долбоору кичи жана орто бизнес үчүн “жашыл” консультанттарды окутууну, аялдарды колдоо боюнча “Жашыл Ишкер - Айым” экологиялык таза технологияларды ишке ашырууда ишкерлерге жана ошондой эле жашыл чечимдерди иштеп чыгуу үчүн университет-лицей окуучулары үчүн “Жашыл Толкун” конкурсун камтыйт. Долбоор Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен ишке ашырылууда.
- Өлкөнүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылып жаткан “Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоору (Ишкерликти колдоо борбору https://ishker.kg ) аймактагы ишкерлерге маалыматтык-консультациялык колдоо берүүгө, ошондой эле сапаттуу бизнес демилгелерди илгерилетүүгө багытталган. Долбоор ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин колдоосу менен ишке ашырылууда.