2024-жылдын 20-майында JIAнын жашыл экономика боюнча комитетинин менеджери Азамат Дуйшеев Кытай жана Борбордук Азиянын жаштарын өнүктүрүү форумунда сүйлөдү, иш-чара Кытайдын Сиань шаарында өттү.
Тема: Жаштардын кызматташуусун бекемдөө аркылуу жашыл өнүгүүгө жетишүү
Өзүнүн сөзүндө ал катышуучуларга JIAнын Кыргызстандагы инклюзивдүү жашыл экономиканы колдоо боюнча жаш ишкерлерге жардам берүү тажрыйбасын сунуштады. Ошондой эле, Бүткүл Кытай жаштар федерациясынын секретариатына Кытай жана Борбордук Азия жаштарынын негизги кызматташуу түрлөрүн сунуштады:
1. "Жашыл бизнес-маалыматтар бюллетени" куралын колдонуу;
2. "Жашыл" инвестициялык долбоорлор конкурсун өткөрүү;
3. "Жашыл" бизнес-сапарларды уюштуруу.
Эскерте кетсек, форумдун жүрүшүндө JIA бизнес-ассоциациясы кытайлык уюмдар менен кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол койду.
- Башкы бет
- Жаңылыктар
- Жаштардын кызматташуусун бекемдөө аркылуу жашыл өнүгүүгө жетишүү ...