“Кыргызстанда жашыл бизнес-практикаларды жайылтуу” долбоорунун экинчи фазасы старт алды.
Долбоордун “Жашыл Толкун” демилгесинин алкагында студенттер үчүн “Жашыл экономиканын” негиздери темасында 2 күндүк интенсивдүү окутуу уюштурулду.
Интенсивдик окутуу алкагында студенттер жашыл экономиканын төмөнкү аспектилери тууралуу негизги билимди алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү:
Жашыл экономика боюнча улуттук жана эл аралык саясат
Инклюзивдүү жашыл экономика. Социалдык адилеттүүлүк жана гендердик салмактуулук.
Экинчи чийки затты сорттоо методикасы жана бул тармактагы өзгөчөлүктөр
“Climate Expert Tool” – Климаттын өзгөрүшү шартында ишканалар үчүн стратегияларды иштеп чыгуу куралы
ESG – экологиялык жана социалдык башкаруу
Leave No One Behind (LNOB). Эч кимди көңүлдөн тышкары калтырбоо
Долбоордун алкагында 5 студент жана 1 илимий жетекчиден турган командалар ишканалардын жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү темасына арналган демилгелерин сунуштаган конкурска катышат.
Ошондой эле командаларга бизнес өкүлдөрүнөн ментордук колдоо каралган.
Учурдан пайдаланып спикерлерге ыраазычылык билдиребиз!
“Кыргызстандагы жашыл бизнес практикасын жайылтуу” демилгеси JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан, BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда».