"Willdberries боюнча саттууну баштоо"

12-июнда Wildberries Кыргызстан JIA бизнес-ассоциациясы менен биргеликте оффлайн форматында “Wildberries боюнча сатууну баштоо” темасында ишкерлер үчүн бир катар тренингдерди баштады. Тренингдер  акысыз жана төмөнкү аймактарда өткөрүлөт.

Белгиленген күндөрү жана аймактар:
1.⁠ ⁠ Ош – 12-июнь 09:30-16:00
2.⁠ ⁠ Баткен – 19-июнь 09:30-16:00
3.⁠  Талас – 26-июль 09:30-16:00
4.  Жалал-Абад 3-июль 09:30-16:00

PRO Wildberries Ишкерлерди өнүктүрүү борборунун "Сатууларды баштоо" курсу платформага жакында кошулган же Wildberriesде сатууну жаңыдан баштоону пландап жаткандар үчүн атайын иштелип чыккан. Тренингдин жүрүшүндө сиз ири электрондук соода аянтчаларынын биринде бизнести ийгиликтүү баштоо жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон баалуу билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү аласыз. Бул тренинг орус жана кыргыз тилдеринде өткөрүлөт.

 Семинардын программасы төмөнкү темаларды камтыйт:
1. Сайтка катталуу жана ишке киришүү;
2. Wildberries менен кызматташуунун учурдагы моделдери;
3. Товарларды маркалоо жана жөнөтүүгө даярдоо;
4. Сатууларыңыздын, отчетторуңуздун жана балансыңыздын аналитикасы;
5. Жарнамалык илгерилетүүнүн түрлөрү.

Семинарга катышуу үчүн https://forms.gle/pJVJAYsr7NUF1ELQ6 шилтемеси аркылуу катталуууңузду суранабыз.