“Жашыл” консультант болуңуз!

“Жашыл” консультант болуңуз!

Биз Кыргызстандагы бизнестин жашыл жана туруктуу болушуна жардам берүү үчүн тренерлерди окутуу (TOT) программабызга бизнес-консультанттарды чакырабыз!

Эмне үчүн катышуу керек?
- Акысыз квалификацияны жогорулатуу: жашыл экономиканын принциптери жана практикалары жөнүндө терең билим жана көндүмдөрдү алуу;
- Карьера мүмкүнчүлүктөрү: чакан жана орто ишканаларга экологиялык таза чечимдерди ишке ашыруу боюнча кеңеш берүүгө жөндөмдүү, изденүүчү эксперт болуңуз;
- Бизнеске жашыл технологияларга өтүүгө жардам берүү менен Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу.

Негизги тандоо критерийлери:
- Бизнес-консультант же тренер катары тажрыйба.
- Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө теориялык билимди өткөрүп берүү жана кеңеш берүү жөндөмдүүлүгү.
- Жаңы ыкмаларды жана инструменттерди үйрөнүүгө болгон каалоо жана даярдык.

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 16.03.2025 саат 18:00гө чейин
Анкетаны профилдин башындагы шилтеме же https://forms.gle/E9bX4pbM99w49tZb6 аркылуу толтуруңуз.
Суроолор боюнча байланыш: +996 551 177 473 Урмат Джаналиев