“Жашыл” консультант болуңуз!
Биз Кыргызстандагы бизнестин жашыл жана туруктуу болушуна жардам берүү үчүн Тренерлерди окутуу (TOT) программабызга таланттуу консультанттарды чакырабыз!
Эмне үчүн катышуу керек?
- Акысыз квалификацияны жогорулатуу: жашыл экономиканын принциптери жана практикалары жөнүндө терең билим жана көндүмдөрдү алуу;
- Карьера мүмкүнчүлүктөрү: чакан жана орто ишканаларга экологиялык таза чечимдерди ишке ашыруу боюнча кеңеш берүүгө жөндөмдүү, изденүүчү эксперт болуңуз;
- Бизнеске жашыл технологияларга өтүүгө жардам берүү менен Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу.
Негизги тандоо критерийлери:
- Бизнес-консультант же тренер катары тажрыйба.
- Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнө билимди натыйжалуу өткөрүп берүү жана кеңеш берүү жөндөмдүүлүгү.
- Жаңы ыкмаларды жана инструменттерди үйрөнүүгө болгон каалоо жана даярдык.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 20.08.2024 саат 18:00гө чейин
Анкетаны профилдин башындагы шилтеме же https://clck.ru/3CLXGr аркылуу толтуруңуз.
Суроолор боюнча байланыш: +996 551 177 473 Урмат Джаналиев
«Долбоор JIA бизнес-ассоциациясы тарабынан BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.
