Директорлордун жыйыны

11-январь JIA Бизнес-ассоциациясынын директорлорунун 2025-жылга карата алгачкы чогулушу болуп өттү. 

Чогулуштун жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралып, ассоциациянын алдыдагы пландары талкууланды.

Чогулушта каралган негизги маселелер:
2024-жылга карата анализ жана 2025-жылга карата стратегиялык пландар.
Өткөн жылдын ишмердүүлүгү талкууланып, жетишкендиктер белгиленди. Ассоциация мүчөлөрү үчүн жаңы программалар жана демилгелер айтылып, бизнес климатты жакшыртууга багытталган максаттар аныкталды.

Иш-чаралар календары.
2025-жылы өтө турган  иш-чаралардын планы бекитилип, аймактарга карата уюштуруу бөлүштүрүлдү.

Өнөктөштүк жана кызматташтык.
Мүчөлөр менен өнөктөштөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөө үчүн  кадамдар аныкталды.