«Борбордук Азиядагы социалдык диалог»

2025-жылдын 22-январында «Борбордук Азиядагы социалдык диалог» аттуу эл аралык долбоордун экинчи фазасынын ачылышы Ташкент шаарында болуп өттү.

Иш-чарага Казакстан иш берүүчүлөр улуттук конфедерациясы PARYZ 🇰🇿, 
Өзбекстан иш берүүчүлөр конфедерациясы 🇺🇿 жана Кыргызстандын атынан JIA Бизнес-ассоциациясы 🇰🇬 катышты.

Долбоор ассоциациялардын ролун күчөтүүгө жана иш берүүчүлөр уюмдарынын регион ичиндеги кызматташуусун бекемдөөгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун экинчи фазаны ишке ашыруудагы негизги приоритеттери жана сунуштар талкууланды.

Долбоор 2021-жылдан бери Германиянын Мекленбург-Передняя Померания федералдык аймагынын Экономикалык билим берүү борборунун жана Мекленбург-Передняя Помераниянын Иш берүүчүлөр союзунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып келет.