«Борбордук Азиядагы Социалдык Диалог»

«Борбордук Азиядагы Социалдык Диалог» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Борбордук Азия боюнча долбоордун координатору Маркус Маттисен менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда долбоордун кийинки этабынын негизги багыттары жана артыкчылыктуу темалары талкууланып, бекитилди.

Ал эми апрелдин башында JIAнын резиденттери үчүн Германияга 🇩🇪 иш сапары уюштурулууда. Делегациянын мүчөлөрү Росток шаарында өтө турган 20-жолу уюштурулуп жаткан “Жеткирүүчү күнү” көргөзмөсүнө катышуу пландаштырылууда.

Аталган долбоор ассоциациялардын ролун күчтөндүрүүгө жана аймактагы иш берүүчүлөрдүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.