Борбордук Азияда Социалдык диалог

2024-жылдын 25-ноябрында JIA Бизнес-ассоциациясы «Борбордук Азияда Социалдык диалог» долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруунун жыйынтыктары менен бөлүшүү үчүн жыйынтыктоочу иш-чарасын өткөрдү. Долбоор ассоциациялардын ролун күчөтүүгө жана иш берүүчүлөр уюмдарынын регион ичиндеги кызматташуусун бекемдөөгө багытталган.

🇰🇬🇩🇪 Долбоор 2021-жылдан бери Германиянын Мекленбург-Передняя Померания федералдык аймагынын Экономикалык билим берүү борборунун жана Мекленбург-Передняя Помераниянын Иш берүүчүлөр союзунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып келет.

Иш-чара JIAнын бардык аймактардан келген башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдик Республикасынын элчисинин орун басары Константин Селенти мырзанын катышуусунда өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруунун негизги приоритеттери жана сунуштар талкууланды.