27-июнда “Кыргызстанда жашыл бизнес-практикаларды жайылтуу” долбоорунун “Жашыл Толкун” демилгесинин алкагында бизнести өнүктүрүүгө жашыл чечимдерди сунуштаган студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Долбоор студенттердин жашыл экономика боюнча маалымдуулугун жогорулатуу, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана окуу жайлардын бизнес, мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.
Анда студенттер теориялык жана практикалык билимдерин колдонуп, ишканаларды өнүктүрүүгө багытталган жашыл демилгелерин сунуштап байгелүү орундарга ээ болгон.
“Кыргызстандагы “жашыл” бизнес практикасын жайылтуу” демилгеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрилиги, JIA бизнес-ассоциациясы жана BMZ, ЕБ жана Швейцария Өкмөтүнүн каржылоосу менен GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан “Кыргыз Республикасындагы жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.