Чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу өнүгүүгө адилеттүү өтүүгө көмөк көрсөтүү

2024-жылы 23-майда Бишкек шаарындагы Park мейманканасында Эл аралык Эмгек Уюму (ЭЭУ) тарабынан ишке ашырылган «Экологиялык туруктуу экономикага адилеттүү өтүүгө көмөктөшүү» долбоорунун жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасындагы Жашыл экономика үчүн аракеттер боюнча Партнердуктун (PAGE) алкагында өткөрүлгөн иш-чарага арналган тегерек стол болуп өттү. 

Иш-чараны JIAнын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу ачты.

Долбоор ЭЭУнун «Туруктуу атаандаштыкка жөндөмдүү жана жоопкерчиликтүү ишканалар» (SCORE) флагмандык программасын жана анын «SCORE4Climate» окутуу модулун ийгиликтүү ишке ашырды. Жашыл экономикага адилеттүү өтүүнүн алкагында ишканаларда ЭЭУнун окутуу программасын өз алдынча ишке ашыруу жана тренингдерди өткөрүү үчүн аларга керектүү билимдерди жана көндүмдөрдү берип, бул модулда он тренер окутулду жана сертификатталды. Кошумчалай кетсек, алар дүйнөлүк тренерлердин базасына киргизилген. Долбоорго катышкан чакан жана орто ишканалар өндүрүштүк маселелер боюнча практикалык тренингдерди жана эксперттик кеп-кеңештерди алышты, бул аларга өндүрүмдүүлүк жана экологиялык туруктуулук жаатындагы билимдерин кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. JIA Бизнес Ассоциациясы бул инструментти өзүнүн Академиясы жана Ишкерлерди колдоо борборлору аркылуу окутуу курстарынын бири катары киргизүүнү, ошондой эле ЭЭУнун алдыңкы SCORE программасынын алкагында кызматтарды көрсөтүүнү көздөйт.