Көчмөн Бизнес Аянтча 2025 форумунун кезектеги спикери — Маткасимова Абиба Арапбаевна.
Ал “Наима” билим берүү мекемелер тармагынын негиздөөчүсү жана жетекчиси. Жогорку билимдүү адис, кесиби боюнча англис жана француз тилдеринин мугалими. Билим берүү жана ишкердик тармагында 13 жылдан ашуун тажрыйбага ээ.
Анын жетекчилиги астында негизделген “Наима” бала бакчалар тармагы жана “Сундус-Чубак” бала бакчасы заманбап билим берүү стандарттарына ылайык балдардын ар тараптуу өнүгүшүнө багытталган.
Ошондой эле “Наима” мектептер тармагы — Кыргызстанда биринчи болуп эстондук билим берүү методикасын ийгиликтүү колдонгон мектеп болуп эсептелет.
Форумдагы баяндама темасы: “Команданы башкаруунун жашыруун куралы” — бул ийгиликтүү билим берүү мекемесин түптөөдө жана башкарууда пайдаланылган терең практикалык тажрыйбаларга негизделет.