JIAнын ишкерлер тобу Sigep 2025 көргөзмөсүнө жана маданий алмашууга катышуу үчүн Италияга барышты🇮🇹
Sigep 2025 45- эл аралык балмуздак, кондитердик жана нандын өндүрүшүнүн көргөзмөсү. 1980-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп, UFI эл аралык ассоциациясы тарабынан таанылган Sigep көргөзмөсү тармактагы маанилүү окуяга айланган, ишкерлерди, өндүрүүчүлөрдү жана эксперттерди бириктирет. Ал башында Италиядагы эң чоң балмуздак жана кондитердик көргөзмө болуп башталган. Бүгүнкү күндө болсо камыр азыктарын жасоого арналган эл аралык форум болуп эсептелет.
Сапардын максаты – көргөзмөгө катышуу менен гана чектелбестен, тажрыйба алмашуу жана маданий өз ара аракеттенүү. Sigep 2025 көргөзмөсүнөн кийин JIA делегациясы Сан-Марино Республикасына, дүйнөдөгү эң кичинекей мамлекеттердин бирине, жана Италиянын белгилүү шаарларына: Рим, Венеция жана Миланга барышты.