Урматтуу Кыргызстандыктар!
Ар бириңиздерди эгемендүү өлкөбүздүн 33 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз! Эгемендикке жетүү
ата-бабаларыбыздын талыкпас мээнети жана ак батасы менен мүмкүн болду. Ак карлуу Ала-Тообузду, бермет Ысык-Көлүбүздү, берекелүү жерибизди барктай билели.
Асманыбыз жарык, жерибизде тынчтык, элибизде биримдик жана ынтымак болсун! Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулуп, бактылуулук жана эркиндиктин мекенине айлансын! Бул үчүн баарыбыз билимдүү, эмгекчил, дүйнө таанымы кенен болушубуз абзел.
Майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен,
JIA бизнес-ассоциациясы